Сот Махабат Тажибек кызын тил кат менен үй камагына чыгарууну чечти
Темиров LIVE жана “Айт, айт десе” медиа долбоорлорунун жетекчиси, эки жылдан ашуун убактан бери камакта жаткан Махабат Тажибек кызы бүгүн, 23-мартта Ленин райондук сотунун чечими менен үй камагына чыкты. Сот чечимине ылайык, журналист эч жакка кетпөө тууралуу тил каттын негизинде абактан чыгарылат. Соттук отурумга Махабат Тажибек кызы онлайн катышты, адвокат ал абактан бүгүн чыгарыларын айтты.
Ишти караган судья Темирбек Маматов журналисттин адвокатынын башка өтүнүчтөрүн канааттандырган жок. Мамлекеттик...