Садыр Жапаров Нарында курулушу узакка созулган объектилерди эки жылда бүтүрүүнү тапшырды
Президент Садыр Жапаров 21-мартта Нарынга иш сапары менен барганда аймакты өнүктүрүү планы менен таанышты. Анын администрациясынын кабарлашкандай, анда ишке ашып жаткан долбоорлордун жүрүшү менен таанышты. Айрыкча айыл чарбасы, сугат маселелери сөз болду.
"Жыйында өткөн жылдагыдан кем эмес көлөмдө жол курууну жана реконструкциялоону белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүткөрүү милдети коюлду. Президент ишке ашыруу мөөнөтү узакка созулган бардык объектилер, анын ичинде он жылдан ашык убакыттан бери курулуп жаткан имараттар тууралуу маалыматты укту.