Казакстан Орусия менен чектеш аймагындагы бардык мал жандыкты эмдөөдөн өткөрөт
Орусиянын Новосибирск облусу менен чектешкен Казакстандын Павлодар облусунда мал жандыктардын баарын эмдөө башталды. Бул тууралуу өлкөнүн вице-премьер-министри Канат Бозумбаев журналисттерге билдирди.
ТАСС агенттиги казак өкмөт өкүлүнө шилтеме кылып Айыл чарба министрлиги керектүү дары-дармектерди чукул сатып алганы жатканын, буга байланыштуу токтом кабыл алынганын жазды.
Новосибирск облусунда ийри мүйүздүү бодо мал арасында пастереллез жана кутурма оорусу жайылып кеткендиктен 16-мартта аймакка өзгөчө абал жарыялаган.