Трамп Иран менен мунасага баруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды
АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды. Ал жума күнү Ак үйдүн жанында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып бул согушта Вашингтон артыкчылык кыларын айтты.
"Мен ок атышууну токтотууну каалабайм. Силер билесиңер да, душманыңды жок кылып жатканда аны менен ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашпайт",-деди Трамп.
Ал ошондой эле Ирандын армиясы, аскердик техникасы жана өлкө лидерлери оор жоготууга учураганын айтты.
Мунун...