Быйыл 700дөн ашуун айылда таза суу менен камсыздоо иштери жүрөт
Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти 773 айылда таза суу менен камсыздоо иштери башталарын билдирди.
Аталган мекеме 120 айылда курулуш монтаждоо жумуштары жүрүп, 229 айыл боюнча долбоор-сметалык документация даярдалып, 27 айыл боюнча курулуш иштерине тендер өткөрүлүп жатканын билдирди. 219 айылда долбоордун сметалык документтери топтолуп жатат, анын ичинен 95 айылдын иш кагаздары толук. 177 айылда техникалык-экономикалык негиздеме даярдалууда.
Суу ресурстары...