Эски аянттагы Айт намазга Садыр Жапаров катышты
Орозо айт намазы Бишкектеги Турдакун Усубалиев атындагы аянтта (эски аянтта) окулду.
Ага президент Садыр Жапаров баштаган бир катар мамлекеттик кызматкерлер катышты.
Президент өзүнүн майрамдык куттуктоосунда Жакынкы Чыгыш өңдүү аймактарда болуп жаткан саясий кризистер менен куралдуу жаңжалдар жалпы адамзат үчүн олуттуу сыноо болуп турганын белгилеген.
"Кыргыз Республикасы ар дайым тынчтыкты, өз ара урматтоону жана дипломатиялык жолду колдоп келген мамлекет катары ушул ыйык Орозо айт майрамында...