Иран Израилдеги мунай өндүрүүчү заводго сокку урду
Иран бейшембиде Израилдин түндүгүндөгү Хайфадагы мунай иштетүүчү заводго сокку урду. Израилдин медиасы жана күбөлөр заводдун аймагында өрт чыкканын, Хайфада жарык берүү үзгүлтүккө учураганын билдирди.
Соңку маалыматтарда, бийлик өкүлдөрү азыраак зыян келгенин жана жабыркагандар жоктугун билдиришкен. Заводдун аймагына атып түшүрүлгөн ракетанын сыныктары кулаганы кабарланды.
18-мартта Израил АКШ менен биргеликте Ирандын газ инфраструктурасына, анын ичинде Түштүк Парс (South Pars) кенине сокку урган.