Беларус бийлиги 250 саясий туткунду бошотту
Беларус бийлиги 19-мартта бир катар саясий туткундарды бошотту.
Маалыматтарга ылайык, алардын арасында коомдук ишмерлер, оппозициялык активисттер, журналисттер жана 2020-жылдагы нааразылык акцияларынын катышуучулары бар.
АКШнын Вильнюстагы элчилиги жалпы 250 адам бошотулганын билдирди. Алардын 15и Литванын аймагына жеткирилген, 235 киши Беларустун ичинде. Бул соңку жылдардагы абактан эң көп адам бошотулган учур.
"Свобода" радиосунун беларус кызматы активист Ким Самусенко менен журналист Катерина Андреева (Бахвалова) бошотулганын билдирди.