Спикер Маматалиев иш сапарларга барчуларды депутаттык топтор аныктай турганын айтты
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламент жаңы эреженин алкагында жумуш алып барып жатканын, бул депутаттардын чет өлкөлөргө иш сапарларына дагы тийиштүү экенин 19-марттагы жыйында билдирди. Ал буга чейин иш сапарларга мурдагы төрага өзү тандап алып барса, азыр ар бир депутаттык топ чече турганын айтты.
"Азыр депутаттык топтордун башчылары менен сүйлөшүп, жаңы эреженин алкагында жумушубузду алып барып жатабыз. Бул чет жакка чыга турган биздин иш сапарлар боюнча. Жашырганда эмне, мурда...