Камчыбек Ташиев сурактан чыкты, ал маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу тил катка кол койгону кабарланды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгындагы сурагы беш саатка созулду. Бир нече басылмалар өз булактарына таянып, Ташиев маалыматты ачыкка чыгарбоо тил катына кол койгонун жазышты.
"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, сурак берип чыккандан кийин Ташиевге суроо берүүгө мүмкүн болгон жок. Ал ИИМдин имаратынан чыккандан кийин, эки жолтандабастын коштоосунда Бишкектин түштүк тарабын көздөй жүрүп кетишкен.