Мамлекеттик сатып алуулар системасынан "консултациялык кызмат" түшүнүгү алынат
Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар системасынан "консультант, консультациялык кызмат" жана анын акысы тууралуу түшүнүктөр алынат. Бул тууралуу "Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунушталган мыйзам долбоорунда жазылган.
Депутаттарга долбоор тууралуу финансы министринин орун басары Нурбек Акжолов маалымат берди.
Анын маалыматына караганда, мыйзамдан консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөө, "консультант" жана "консультациялык кызмат көрсөтүүлөр" деген түшүнүктөр алып салынган.