Иран Катардын энергетика объектилерине сокку урду
Иран 18-марттын кечинде жана 19-марттын таңында Катардагы мамлекеттик QatarEnergy компаниясына таандык объектилерге чабуул койду. Бул компания дүйнөдөгү суюлтулган жаратылыш газын экспорттоочу эң ири ишканалардын бири болуп саналат. Соккулар Рас-Лаффан өнөр жай шаарына багытталганын Катардын коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Иран аскерлери шаарга баллистикалык ракеталарды учурган.
QatarEnergy компаниясы 18-марттагы ракеталык соккудан Pearl GTL заводуна «олуттуу зыян» келтирилгенин билдирди.