Жапаров Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен азык-түлүк жана энергетика коопсуздугун талкуулады
Жакынкы Чыгышта болуп жаткан окуяларга байланыштуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөдө азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.
Мамлекет башчы бүгүн, 19-мартта Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен кеңешме өткөрдү. Анда Жакынкы Чыгыш аймагындагы абалдан улам улуттук коопсуздук, анын ичинде азык-түлүк жана энергетика тармактарындагы коопсуздукту камсыз кылуу маселеси көтөрүлдү.
Жыйында Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Кыргызстандагы стратегиялык...