Фейсбукта экстремизм идеяларын жайылтууга шектелген жаран кармалды
Чүй облусунун 39 жаштагы тургуну социалдык тармактарда экстремизм идеяларын жайылтууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу 19-мартта Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 9-февралда социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторинг учурунда Фейсбуктагы "Аза Асанбеков" аттуу аккаунт экстремизмдин идеялары менен бөлүшүп жүргөнү аныкталган.
Факт катталып, сотко чейинки лингвистикалык экспертиза дайындалган. Жыйынтыгында автор Фейсбуктагы баракчасына Кыргызстанда экстремисттик деп табылып...