Кувейтте жана Сауд Арабиясындагы мунай иштетүүчү заводдор чабуулга кабылды
Перс булуңундагы бир катар өлкөлөр бейшемби күнү энергетикалык объектилерге дрондор менен сокку урулганын билдиришти.
Мунун алдында Израил армиясы Ирандагы Түштүк Парс газ кенине абадан чабуул койгон.
Reuters агенттиги өз булактарына таянып, Сауд Арабиясынын Кызыл деңиз жээгиндеги Янбу портунда жайгашкан эң ири SAMREF мунай иштетүүчү заводуна дрон сокку урганын билдирди.
Saudi Aramco жана ExxonMobil компанияларына таандык SAMREF заводу күнүнө болжол менен 400 миң баррель мунай иштетет жана Сауд...