АКШ Ирандын танкерлерде топтолгон мунайына санкцияларды жеңилдетиши мүмкүн
АКШнын Каржы министри Скотт Бессент Вашингтон жакын арада танкерлерде топтолуп турган болжол менен 140 миллион баррел иран мунайына коюлган санкцияларды жеңилдетиши мүмкүн экенин билдирди. Анын айтымында, бул кадам Иран Ормуз кысыгын жапкандан улам көтөрүлгөн баанын өсүшүн басаңдатууга багытталган.
Бессент 19-мартта Fox Business телеканалына берген маегинде бул топтолгон кошумча мунай «10 күндөн эки жумага чейинки керектөөнү жаба аларын» жана рынокту турукташтырууга жардам берерин айтты.
Ал ошондой...