АКШ Грузияны виза үчүн күрөө талап кылынган өлкөлөрдүн тизмесине киргизди
Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти туристтик жана ишкердик визаларды (B1/B2) алуу үчүн арыз бергенде күрөө төлөө талап кылынган өлкөлөрдүн тизмесине дагы 12 мамлекетти кошту. Алардын арасында Грузия, Монголия, Камбоджа, Эфиопия, Гренада, Лесото, Маврикий, Никарагуа, Папуа–Жаңы Гвинея, Сейшел аралдары жана Тунис бар.
Бул өлкөлөрдүн жарандары виза алуу үчүн 15 миң долларга чейин күрөө төлөшү керек. АКШ бийлигинин маалыматына ылайык, эгерде виза алган адам өз убагында мекенине кайтып келсе же сапардан баш тартса...