Манас шаарындагы 6,8 млрд сомдук филармониянын курулушу убактылуу токтотулду
Манас шаарында 6,8 млрд сомго салынып жаткан облустук филармониянын курулушу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу курулуш, архитектура жана турак жай коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 18-мартта Жалал-Абад облусундагы иш сапары учурунда, курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолугушканда билдирди.
"Объекттин долбоору кайрадан каралып чыгып, кийинки этапта анын көлөмүн оптималдаштыруу мүмкүнчүлүгү каралат”- деди Орунтаев.
Министр Манас шаарындагы ири курулуштар министрликтин карамагына өтө турганын айтты.