Израил Иранга каршы чабуулдарын күчөттү, мунай кымбаттоодо
Израил чабуулдарынын масштабын кеңейтип, 18-марттын кечинде Ирандын түндүгүнө сокку урду. Израилдин маалымат каражаттары Каспий деңизинин жээгинде Ирандын аскер-деңиз флоту бутага алынганын жазышты.
Израил ошондой эле Ирандын Перс булуңундагы инфратүзүм объектилерине да сокку урду. Тегеран ага жооп кылып, булуңдагы араб өлкөлөрүнүн мунай объекттерин аткылады.
Израил басылмалары аскердик учактар Каспий деңизинин жээгиндеги Бандар-Анзали порт шаарында Ирандын аскер кемесине чабуул коюшканын жазышты.