ИИМ Камчыбек Ташиев сурак берип жатканын билдирди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 19-мартта Кыргызстанга учуп келип, Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгында сурак берип жатат.
Бул тууралуу ИИМден "Азаттыкка" ырасташты.
Маалыматка ылайык, Ташиев эки кылмыш иши боюнча күбө катары сурак берип жатат. Анын бири - "Кыргызнефтегаз" ишканасындагы коррупциялык иштерге байланыштуу. Экинчиси тууралуу маалымат берилген жок.
УКМКнын экс-төрагасы Кыргызстанга келгенин Ташиевдин тарапкерлери да "Азаттыкка" тастыкташты.