Балыкчы–Кочкор темир жол курулушунда жардыруу иштери аяктады
Балыкчы–Кочкор темир жол курулушунда жардыруу иштери аягына чыкты. "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы маалымдагандай, долбоорго ылайык, 2024-жылдын июлунан берки убакта жүз жолу жардыруу иши жүргүзүлдү.
Мекеменин басма сөз кызматы жардыруу иштери коопсуздук талаптарын сактоо менен жүргүзүлгөнүн, жаныбарлар жана адамдар, имараттар да жабыркабаганын билдирди.
Жардыруу иштери Балыкчы–Кочкор темир жолунун курулушундагы маанилүү этап экени, татаал геологиялык шарттарда мындан ары иштөөгө жеңилдик түзөрү кабарланды.