УКМКнын айрым кызматкерлерине коррупция боюнча кылмыш иши козголду
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) айрым кызматкерлерине карата Аскер прокуратурасы коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК кызматкерлери жана алар менен байланыштагы адамдар мамлекеттин пайдасына өткөрүлүүүгө тийиш болгон акча жана мүлктөрдү өздөрүнө ыйгарып алганы аныкталган.
"Алар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан, мамлекеттин пайдасына өткөрүлүүгө тийиш болгон акча каражаттарын...