Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды
Бакыт Төрөбаев президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу 18-мартта мамлекет башчынын администрациясы билдирди.
24-февралда Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматынан алынган болчу.
Мунун алдында Төрөбаевдин тууганы менен сүйлөшкөнү жазылган аудио тараган. Ал аудиодогу сүйлөшкөндөр өзү менен бир тууган агасы Жолдошалынын уулу Эркин экенин ырастаган. Ага Улуттук коопсуздук...