Добавить новость

Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды

Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул жөнүндө бүгүн, 18-мартта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жалпы жыйында билдирди. "Улуттук банктын төрагасынын кызматтан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арызы келип түшкөн. Бул боюнча комитет тийиштүү жумуштарды өткөрүп берсеңиздер. Мындан сырткары комитеттерде орун алмашуу жана бош орундар бар. Анын алкагында дагы ишти алып барыңыздар", - деди Маматалиев. 44 жаштагы Тургунбаев 2024-жылы июнда Улуттук банктын төрагасы болуп дайындалган.
Губернаторы России



Заголовки
Заголовки
Moscow.media
Ria.city

Новости России




Rss.plus

Музыкальные новости


Новости тенниса







Новости спорта