Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн бала бакча курулат
Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн "Үмүт чырагы" деп аталган бала бакчанын курулушу 17-мартта башталды. Курулушка мезгил кутучасын салуу иш-чарасына Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.
Өкмөт башчысы бул долбоор өзгөчө балдарга көрүлгөн камкордук экенин айтты:
“Бул курулуш биздин балдарыбызга болгон чоң камкордуктун белгиси. Өзгөчө балдар үчүн атайын шарттары каралган мындай чоң үмүттүн символу болгон бала бакчанын курулушу коомубуз үчүн да, ата-энелер үчүн да чоң кубаныч”, – деди ал.