Иран Ларижани менен Сулеймани каза болгонун тастыктады
Иран коопсуздук кеңешинин төрагасы Али Ларижани менен аскерлештирилген түзүмдүн командачысы Голамреза Сулейманинин өлүмүн тастыктады.
Иран бийлиги 28-февралда өзүнүн резиденциясында өлтүрүлгөн аятолла Али Хаменеиден кийинки экинчи жогорку деңгээлдеги аткаминери - коопсуздук кеңешинин төрагасы Али Ларижани набыт болгонун ырастады.
Али Ларижани уулу Мортеза, орун басары Алиреза Баят жана бир нече жансакчысы менен чогуу өлтүрүлгөнү 17-мартта кечинде жарыяланган Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин билдирүүсүндө айтылды.