ЖАМК акыйкатчынын №27 абактагы абал тууралуу сынына жооп берди
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) акыйкатчынын №27 түзөтүү мекемеси боюнча тараткан маалыматында айтылган сынга жооп берди.
Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө №27 колонияда жалпысынан 1101 соттолгон адам бар экени, мекеменин жалпы аянты 7,27 гектар, лимитке ылайык, сыйымдуулугу 1200 орунду түзөрү белгиленген.
Абактын аймагында жазасын өтөп жаткандар үчүн 980 орундуу үч жатакана жайгашканы айтылган. Анда экстремизм жана терроризм боюнча айыпталгандарды обочо кармоо үчүн өзүнчө имарат...