Чет өлкөдөн мигранттарды мыйзамсыз алып келүүгө шектүүлөр кармалды
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте мыйзамсыз миграция каналы аныкталып, уюштуруучулар колго түшүрүлгөнүн 18-мартта билдирди. Кылмышка шектелип Пакистандын жараны (А.М.) жана ага көмөктөшкөн Улуттук госпиталдын кызматкери (И.Т.В.) кармалды.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, мыйзамсыз миграция уюштурууга шектүүлөр чет өлкөлүк жарандарга (Пакистан, Бангладеш) медициналык кароодон өткөрбөстөн виза мөөнөтүн узартуу үчүн колдонулуучу №086 формасындагы жасалма маалымкат сатып келишкен.