ТИМ "Азаттыктын" Түркияда кулчулукка кабылган каарманына паспорт алуусуна жардам берилерин билдирди
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркияда узак убакыт оор акыбалда жашап келген кыргызстандык кыз С.Макамбетовага паспорт алуусуна жардам берилерин билдирди.
Түркияга секелек кезинде алданып барып, сексуалдык кулчулукка сатылып кеткен, документи жок жашап жүргөн С.Макамбетова тууралуу 17-мартта "Азаттык" Түркиянын Агры шаарынан баяндама тартып, көрсөткөн.
ТИМ 18-мартта билдиргенине караганда, Макамбетованын жарандык паспортун алуу боюнча кайрылуусун Анталия шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулдугу карап жатат.