Президенттик администрация кадр алмашуу тууралуу маалыматтарды четке какты
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков бир катар министрликтердеги жетекчи алмашуулар тууралуу маалыматтарды четке какты. Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жана башкалардын кызмат алмашуусу тууралуу соцтармактарда жазылып жаткан сөздөрдү жокко чыгарды:
"Бир катар маалымат сайттарда Эдиль Байсалов кызматтан кетип, анын ордуна Догдуркүл Кендирбаева, ал эми Социалдык фонддун жетекчиси Бактияр Алиев кызматтан алынып...