Иран "Басиж" түзүмүнүн командачысы Голамреза Сулеймани каза болгонун ырастады
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу ыктыярчылардын "Басиж" аскерлештирилген түзүмүнүн башчысы Голамреза Сулейманинин өлүмүн тастыктады, билдирүүнү сакчылар корпусуна жакын ирандык Fars жана Tasnim агенттиктери жазды.
Израил армиясы Сулеймани мерт кеткенин 17-мартта билдирген.
"Басиж" – Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун курамындагы жарым-жартылай аскерлешкен ыктыярдуу түзүм. Ал Ислам революциясы жеңгенден кийин режимди коргоо максатында түзүлгөн. "Басиж" жалпы өлкө боюнча...