Талибдер Пакистандын Кабулга урган соккусунан 400 киши өлгөнүн билдирди
Пакистандын аба соккусунан Кабулдагы ооруканада кеминде 400 киши каза тапты. Бул тууралуу Ооганстанды башкарган "Талибан" кыймылы билдирди. Ал эми расмий Исламабад муну четке кагууда.
Маңзатка берилген кишилердин реабилитациялык борбору болгон 2 миң бейтапка эсептелген Омид ооруканасы, маалыматка караганда, 16-марттын кечинде Пакистандын аба соккусуна кабылган.
Талибдер өкмөтүнүн басма сөз катчысы Хамдулла Фираттын айтымында, тирүү калгандарды издеп табуу, урандылардын астынан сөөк алып чыгуу иштери жүрүүдө.