Ош улуттук драма театры Бишкекке чыгармачыл сапар менен келет
Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театры 30-марттан тартып 2-апрелге чейин Бишкекте гастролдук жумалык өткөрөт. Жумалыктын алкагында жаңы беш спектаклдин премьерасын тартуулайт.
Театрдын коомчулук менен байланыш бөлүмүнөн "Азаттыкка" кабарлашкандай, "Бир келип кетчи Ош жакка", "Соно", "Таштабачы, апаке!", "Курманжан", "Кош дегим келбейт" деп аталган спектаклдер көрүүчүлөргө тартууланат.
Спектаклдер Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында жана Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында болот.