Акыйкатчы институту №27 абакта бир катар мыйзам бузуу аныкталганын маалымдады
Акыйкатчы институтунун кыйноолорду алдын алуу борбору Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) №27 мекемесинде соттолгондордун укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүздү. Текшерүүнүн жүрүшүндө бир катар мыйзам бузуулар аныкталганын мекеменин басма сөз кызматы 17-мартта билдирди.
Маалыматка караганда, учурда абакта 1102 жаран жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Бул жабык жай ашыкча толуп, ар бир адамга берилген аянт нормасы сакталган эмес.
"Акыйкатчы институтунун Кыйноолорду алдын алуу жана укук коргоо...