Израил Ирандын коопсуздук кеңешинин төрагасы Ларижани каза болгонун кабарлады
Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Ирандын коопсуздук боюнча жогорку өкүлү Али Ларижани Тегеранга жасалган аба соккусунун натыйжасында каза болгонун билдирди.
Бирок бул маалыматты бышыктаган далилдер келтирилген жок.
Иран тарап бул маалыматты четке каккандай болду. Алар Ларижанинин 17-мартта жазган делген катын көрсөтүштү. Каттын сүрөтү анын X социалдык тармагындагы баракчасына да жарыяланды.
Буга чейин Израил армиясы (IDF) Тегеранга 16-мартта жасалган ошол эле аба соккулардан Ирандын «Басиж» аскерлештирилген...