Иран футбол боюнча Дүйнө чемпионатынын оюндарын АКШдан Мексикага которууну сунуштады
Ирандын Футбол федерациясы Дүйнө чемпионатынын алгачкы оюндарын Америкада эмес Мексикада өткөрүү маселеси боюнча FIFA менен «сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат». Бул тууралуу федерациянын президенти Мехди Таж билдирди.
«АКШнын президенти Дональд Трамп Иран улуттук курама командасынын коопсуздугун камсыз кыла албай турганын ачык айтканда, биз, албетте, Америкага барбайбыз», — деди Таж Ирандын Мексикадагы элчилигинин X социалдык тармагындагы баракчасында.
Анын айтымында, учурда Иран өз оюндарын Мексикада өткөрүү боюнча FIFA менен сүйлөшүп жатат.