Кургак учук аныкталган аскердик бөлүктө эпидемиологиялык иликтөө жүрүүдө
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) Күзөт жана конвой департаментиндеги 1-батальондо аскердик мөөнөтүн өтөп жаткан жоокерде кургак учук аныкталып, ал ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жоокердин илдети санитардык бөлүмдө аныкталган, кийинчерээк анализдер да ооруну тастыктаган. 16-мартта бейтап жоокер Улуттук фтизиатрия борборуна дарыланууга жаткырылды.
Учурда ЖАМКнын медициналык кызматы бөлүктөгү бардык аскер кызматкерлерин, жоокерлерди текшерип...