Көкбөрү: Нооруз майрамына арналган республикалык мелдеш башталды
Көкбөрү боюнча республикалык Нооруз-2026 мелдеши Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда 15-мартта башталды. Көкбөрү федерациясынын сайтындагы маалыматка таянсак, турнирге 24 команда катышып, учурда Жогорку жана Биринчи лиганын тайпалык оюндары өтүп жатат. Мелдеш 21-мартка чейин уланып, бул күнү финалдык беттештер болот.
Жогорку лигада
А тайпасында Ысык-Көл, Сары-Өзөн, Намыс,
В тайпасында Мурас, Талас Алтын-Альянс, Достук,
С тайпасында Суусамыр, Жылуу-Булак, Шахтёр,
D тайпасында Казарман, Ичке-Суу жана Ынтымак командалары ойнойт.