УКМК жетекчиси ишкерлерди коргоого даяр экенин билдирди
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Жумгалбек Шабданбеков бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуп, негизсиз кийлигишүүдөн алыс экенин билдирди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы 16-мартта кабарлады. Атайын кызматтын башчысы ишкерлерге кандайдыр бир коркутуу-кысуу болсо коргоого даяр экенин айтып, аларды ачык жана ак ниет иштеп берүүгө чакырды.
Ишкерлерге карата кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттери жана административдик тоскоолдуктары жаралган болсо баары мыйзам чегинде караларын кошумчалады.