Милиция Токмокто күйөөсүн өлтүрүүгө шектүү аял кармалганын билдирди
15-март күнү, саат 6:47де Токмок шаардык ички иштер башкармалыгына (ШИИБ) шаардагы 3-кичирайондогу батирлердин биринде бир киши бычакталганы тууралуу маалымат түшкөн.
ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, батирден 46 жаштагы эркек кишинин сөөгүн табышкан. Милиция маркумдун төшүндө бычактан алган жаракаты бардыгын аныктаган.
Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 122-беренеси ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө иштеринин жыйынтыгында маркум жарандык никеде жашаган жубайы менен жаңжалдаша кеткени...