Ирандын бийлиги түрмөдөгү кош жарандыгы бар кишилер тууралуу маалымат берди
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Тегеран түрмөсүндө камакта отурган кош жарандыгы бар адамдар (ирандык-америкалык жарандар) түрмөлөргө сокку урулбаса эле "коопсуз бойдон каларын" билдирди.
Ал бул тууралуу америкалык CBS телеканалынын алып баруучусу Маргарет Бреннандын суроолоруна жооп берип жатып айтты. Журналист камактагы иран-америкалык жарандардын, анын ичинде журналист Реза Вализаде жана Камран Хекматинин абалына кызыккан.
Реза Вализаде 10 жылдай "Азаттык" радиосунун перс кызматы, "Фарда" радиосунда журналист болуп иштеген.