Евробиримдик Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизүүгө камданууда
Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери 16-мартта Бельгиянын борбору Брюсселде жолугуп, Иранга каршы жаңы санкцияларды бекитүүгө камданып жатышат.
Санкциялык тизмеге 16 адам жана үч уюм киргени турат. Евробиримдиктин эсебинде, алардын баары Иранда быйыл нааразылык акцияларын күч менен басууда адам укуктарын бузууга катышкан.
Жаңы санкциялар боюнча айрым адамдардын активдери камакка алынып, аларга Еврошаркетке мүчө өлкөлөргө кирүүгө тыюу салынат.
Санкция тизмесине Ирандагы бардык түрмөлөрдү көзөмөлдөгөн жетекчи Голам Али Мохаммади да кирген.