Айыл чарба министрлиги Кыргызстанда эпизотиялык абал көзөмөлдө экенин билдирди
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеев Кыргызстанда эпизотикалык абал көзөмөлдө экенин парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, айлана-чөйрөнү коргоо комитетинин жыйынында билдирди. Мунун алдында депутат Табылды Муратбеков аймактарда мал ылаңдап, тургундар кайрылып жатканын айткан.
"Акыркы учурларда аймактарда шарт ылаңы менен малдар ооруп, жем жей албай, температура болуп жатканын айтып кайрылып жатышат. Малы өлгөн учурлар дагы бар", - деди эл өкүлү.