Татарстандагы жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза болду
Татарстандын Альметьевск районундагы жол кырсыгынан Кыргызстандын эки жараны каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 15-мартта Набережные Челны - Альметьевск автожолунун 81-чакырымында КамАЗ жүк ташуучу унаасы менен Kia Carnival жеңил унаасы кагылышкан.
Кырсыктан Кыргызстандын 39 жана 40 жаштагы эки жараны окуя болгон жерде мүрт кеткен. Алардын бирөө айдоочу болгон. Маркумдардын сөөгү Алметьевск шаарындагы өлүкканага жеткирилген.