Астанада добушканада "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысын полиция кармап кетти
Казакстандын борбору Астана шаарындагы добушканалардын биринде "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Жолдас Орисбайды полиция кармап кетти.
Азырынча журналист менен байланышуу мүмкүн боло элек.
Полициянын райондук бөлүмү Орисбайдын кармалганын ырастады. Нөөмөт бөлүмүнүн кызматкери журналист “мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап-жасабаганы текшерилип жатканын” маалымдады. Ошондой эле түшүнүк кат жазгандан кийин кое берилерин билдирди.
Informburo басылмасы Орисбай менен кошо дагы бир журналист дагы камалган болушу мүмкүндүгүн жазды.