Абактагы Ирина Карамушкина ырайым сурап президентке кайрылды
Чүйдүн Степное айылындагы аялдар абагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан мурдагы депутат Ирина Карамушкина президент Садыр Жапаровго ырайым берүүсүн өтүнүп кайрылды.
Анын адвокаты Аскар Алымкулов "Азаттыкка" 14-мартта кабарлагандай, өтүнүч кат президентке абактын администрациясы аркылуу жиберилди.
Ирина Карамушкина кайрылуусунда өзүнө тагылган айыпты мойнуна албасын, күнөөсү жоктугун билдирген:
"Ал президентке кайрылуусунда соттор жабырлануучулардын анын кылмышка тиешеси жоктугун айткан көрсөтмөлөрүнө...