Сот аткаруучулар кызматы Капаловдун өлүмү жумушуна байланыштуу эмес экенин билдирди
Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы 13-март күнү өз унаасында сөөгү табылганы айтылып жаткан Кубанычбек Капаловдун өлүмү боюнча маалымат таратты. Мекеме баштапкы маалыматтарга таянып окуя Капаловдун кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу эместигин билдирди.
Маалыматта ошондой эле бул окуя боюнча "кызматтык иликтөө башталып, бардык жагдайларды объективдүү аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп" жатканы кабарланды.
Сот аткаруучулар кызматы коомчулукту жана журналисттерди эртелеп тыянак чыгарбай...