ТИМ: Жакынкы Чыгыштан кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдан улам Кувейт, Бахрейн жана Катардагы Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу боюнча кезектеги авиакаттам уюштурууда.
ТИМдин сайтында жарыялангандай, эвакуациянын биринчи этабында мекенине кетүүнү каалаган жарандардын тизмеси түзүлүп, виза жана өлкө аймагынан чыгуу үчүн уруксат алынды. 13-март күнү жарандар Эл-Кувейт, Манама жана Доха шаарларынан автобус менен Эр-Рияд шаарына жиберилди.
Мекеме эвакуация процесси аяктап, жарандар Кыргызстанга...