Боршайком Курманкул Зулушевди депутаттык мандатынан ажыратты
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 13-марттагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин мандатын алуу тууралуу чечим кабыл алды. Мындай чечимге БШКнын 12 мүчөсүнүн 8и макул деп добуш берди.
Зулушев мандатын тапшыруу тууралуу Боршайкомго арыз жазганын “Азаттыкка” өздүк булактар билдирген. Өзү комментарий бере элек.
Курманкул Зулушев 54 жашта. 1998-жылы Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган.
Прокуратура тармагына 2000-жылы келген жана 2007-жылга чейин Нарын, Чүй облустарында райондук прокуратурада...