Түрк Коргоо министрлиги Ирандан атылган ракета атып түшүрүлгөнүн билдирди
Түркиянын Коргоо министрлиги Иран тараптан атылган баллистикалык ракетаны атып түшүрүшкөнүн, ал түрк аймагы көздөй учуп баратканын билдирди. Бул өңдүү окуя бир жуманын ичинде ушуну менен үчүнчү жолу катталып отурат.
“Ирандан атылган жана Түркиянын аба мейкиндигине келаткан баллистикалык дүрмөттү НАТОнун Жер ортолук деңиздин чыгышында жайгашкан абадан жана ракеталардан коргонуу системасы зыянсыздандырды”, - деп айтылат министрликтин 13-марттагы билдирүүсүндө.
Билдирүүдө ракета кайсы жерде атып түшүрүлгөнү такталган жок.